• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Анжиянда окуучу кыздардын кыздык белгилерин текшерүү күчөтүлдү

19 Бештин айы 20179:12 Бишкек Govori.TV

Анжияндагы №6 мектептин 9-классында окуган кыздын кош бойлуу экендиги аныкталгандан кийин шаардын мектептеринде окуучулардын кыздык белгилерин текшерүү күчөдү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалимдери менен маале активисттери билдиришти.

Маалыматка караганда, окуучу кыздын кош бойлуу экендиги тууралуу ноябрдын соңунда, ал бир канча күн мектепке барбай калгандан кийин белгилүү болгон.

25-ноябрда кыз мектепке келген жок. Биз чоң энесине телефон чалдык. Ал инсульт болуп, небереси аны карап жатканын айтты. 27-ноябрда кыздын үйүнө барсак ал температура болуп жатыптыр. Медициналык текшерүүдөн кийин анын кош бойлуу экендиги аныкталды, – деп билдирди мугалимдердин бири.

Кыздын боюна жайында бүткөндүктөн, мугалимдер буга жооптуу эмес экендиктерин билдиришүүдө. Жергиликтүү маале активисттери 15 жаштагы кыз учурда дарыгердин көзөмөлүндө экенин айтышты. «Ал төрөт бөлүмүндө дарылануудан өттү. Үйүнө келгенине эки күн болду. Азыр мектепке барбайле», – деди активисттердин бири.

Анын айтымында, кыздын кош бойлуу экендиги тууралуу маалыматтан кийин шаар акимчилиги мектептерде кыздардын кыздык белгилерин текшерүүнү күчөттү. «Кыздарды УЗИден өткөрүп жатабыз. Ар бир мектеп уюшкандык менен кыздарын жергиликтүү бейтапканаларга алып барышып, кыздык белгилерин текшертип жатышат. А негизи кыздарды жапыр текшерүү мурда эле башталган», – деди ал.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 15 жаштагы кыздын кимден боюна бүткөнүн аныктоого аракет кылып жатышат. Шаардык милициянын өкүлүнүн айтымында, кыздын улам-улам көрсөтмөсүн өзгөртүп жатышы, тергөөнүн ишин оорлотууда.

 

Булак:Азаттык

Количество просмотров: 24