• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Апта сереп: «Ажыдаардын эки башы» менен аргасыздык… (Видео)

22 Бирдин айы 2019 17:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.02.2019.Govori.TV.


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Өкмөттү отставкага кетирди. Элге кайрылган президент казак Өкмөтүнүн элдин турмушун жакшыртууда иш кылбай жатканын белгиледи.
Эки жарым жыл иштеген  Өкмөт башчы Сагинтаев президентти болушунча мактады.
Эске салсак, буга чейин Казакстандын Астана шаарында бир ай мурун жакыр үй-бүлөнүн беш кызы жарыкчылык менен кош айтышкан
Мындай кырсык Кыргызстанда эки ирээт кайталанды. Эч кимге сабак болгон жери жок.
Ал эми бизде бул жумада президент Жээнбеков Баткен жана Жалал-Абад областтарын кыдырды.
Өкмөт башчы Мухамбеткалый Абулгазиев алты акимди иштен алып ыргытты.
Аймактарды кыдырып кайткан президент казак кесиптешин туурап, сындан арылбаган Өкмөттү кетиреби же жокпу аны мезгил көрсөтөт. Айта кетүүчү жагдай, мурунку жумада КСДП Өкмөттү кетирүү талабын койгон.   
Аймактарды кыдырып кайткан президент казак кесиптешин туурап, сындан арылбаган Өкмөттү кетиреби же жокпу аны мезгил көрсөтөт. Айта кетүүчү жагдай, мурунку жумада КСДП Өкмөттү кетирүү талабын койгон.   
Президент аймактарды аралап жүргөнүнєн пайдаланып, экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын айланасындагылар таасирин күчөтүүнүн аракетин көрүп, бүгүн брифинг өткөрдү.
Алмазбек Атамбаев президенттик орундай эле партияны дагы бир күнү башка бирөөгө өткөрүп берерин айтты.
Ал эми   КСДП Атамбаевсиз кыймылынын мүчөлөрү Ак Үйдү аралап, маалымат катчы Кундуз Жолдубаева кыймылдын артында Асылбек Жээнбеков турат деп салды.
Кыскасы ушундай. Кошуна мамлекеттин президенти жок дегенде элден уялып, Өкмөтү алмаштырып, элди алаксытууда. Бизде болсо бир партиядан чыккан эки президент баш болуп саясый оюндардан башыбыз чыккан жери жок.
Демек, картошкасы өтпөй кыйналган эл  жаз алды менен саясый оюндарды карап отургандан башка аргасы жок.
Количество просмотров: 40