Ишкер Саймаитинин өлтүрүлүшү кыргыз коомчулгунун эки аптадан бери көңүл чордонунда болуп жатат. Бул туурасында түрдүү пикирлер айтылып, а түгүл кыргыз аткаминерлеринин бул адам менен болгон мамилелери айтылып баштаган.
Аптанын дагы бир маанилүү жаңылыгы 18-ноябрда болгон Москва шаарында Евразия Экономикалык комиссиясынын кезектеги жыйынында кыргыз өкмөтү үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну суранган өтүнүчтү канааттандырган эмес.
Ал эми УКМКдан 200 миң доллар акча каражаты жоголгону тууралуу маалымат интернет булактарында желдей тарап, кызуу талкууга жем таштады.
Бул жана башка аптанын маанилүү жаңылыктары менен «Апта жыйынтыгынан» көрө аласыз.