• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Араван-Ак-Буура каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

9 Баш оона 202213:38 Бишкек Govori.TV

Араван-Ак-Буура каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Араван районунда 8-август күнү Жаңы-Жол айылында агып өткөн Араван-Ак-Буура каналына 1970-ж.т. Ж.Б. аттуу эркек киши чөгүп кеткен.

Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында 19 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 9 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:30да куткаруучулар тарабынан аталган жарандын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 231