• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Араванда партиянын үгүт баннерин сыйрып салышкан

10 Аяк оона 202015:27 Бишкек Govori.TV

Араванда белгисиз адамдар “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын үгүт баннерин сыйрып салышкан.

Баннерлерди жок кылуу фактысы катталганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады. Учурда милиция кызматкерлери жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Милиция кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») жана 210-беренеси («Башка бирөөлөрдүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу»). Ошондой эле, мыйзам бузуулар жөнүндө кодексинин 48-беренесине ылайык («Үгүт материалдарын жок кылуу же зыянга учуратуу») жоопко тартыларын эскертет.

Ал эми айыппул 7 миң сомдон 300 миң сомго чейин.

Количество просмотров: 69