• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аргынбек Малабаев реанимациядан палатага которулат

28 Үчтүн айы 2019 16:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV

Мурдагы транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев реанимация бөлүмүнөн кадимки палатага которулду. Анын үч кабыргасы сынып, мээси чайкалганын трамватология жана ортопедия улуттук борборунан кабарлашты.

“Бейтаптын ден соолугун дагы деле текшерип жатабыз. Таң эрте ал жандандыруу бөлүмүнө алынган болчу. Азыркы тапта абалы бир аз турукташып калды. Бүгүн кадимки эле палатага өткөрүшүбүз да мүмкүн. Калган экөө нейротрамва бөлүмүндө дарыланышууда”,-дейт даарыгерлер.

27-январдын кечинде Сокулук районунун Белогорка капчыгайында экс-министр Аргынбек Малабаев бара жаткан автоунаа кырсыкка учурап, айдоочусу жеринде каза болгон. Автоунаа тоонун кыры менен бара жатып жолдон чыгып кеткен. Машинада мындан башка үч адам болгон. Жол кырсыгы кечки саат 18.00 чамасында катталган. Алар тоого аңчылыкка бара жатышкан.

Аргынбек Малабаев 2010-2015-жылдары “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болгон. Андан соң жолдор, транспорт жана коммуникация министри болуп бир жыл иштеп кеткен.

Количество просмотров: 30