• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаев №47 абакка которулду

4 Үчтүн айы 202110:39 Бишкек Govori.TV

Алмазбек Атамбаев №47 колонияга которулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев жаңы жылга чейин эле аталган абакка которулган.

«Ден соолугуна байланыштуу УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулду», — деди Жоошев.

Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин Атамбаевден кабар алган. Эгер зарылдык болсо башка абакка которуу чечимин кабыл ала турганын айткан.

Количество просмотров: 309