«Мен тирүүмүн, ден соолугум жакшы, бир жыл бою спорт менен машыктым. Мындан тышкары 5 маал намаз окуп шарият боюнча жашадым. Мени жабык камерага жиберген № 32 жатак абактын мурунку жетекчиси Тимур Анаркулов инсульт алыптыр. Шыбырап сүйлөп, араң басып жүрөт. Кыскасы менин каргышым тийиптир. Мен муну бетине айттым. Ал унчукпады, эгерде бирдеме деп мурункудай кыйкыра турган болсо, анда экинчи жолу инсульт аны алып тынат», -деп жазган ал өз баракчасына.