• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК: Икрамжан Илмияновду жалгыз киши отура турган камерага которушту

30 Тогуздун айы 2018 17:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.10.2018. Govori.TV
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновду УКМКнын тергөө абагында жалгыз киши отура турган камерага которушту. Бул туурасында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.
Маалыматка караганда, алдамчылыкка күнөөлөнүп жаткан аткаминер которууну өзү суранган.
«Икрамжан Илмиянов өзүн жакшы сезип жатат. Эч нерсеге нааразы эмес. Болгону жалгыз киши отура турган камерага которууну суранды. УКМКнын тергөө абагынын администрациясы анын өтүнүчүн орундатты. Кыйноолор жана орой мамиле боюнча арызданган жок», -деди Нурдин Сулайманов.
Эске салсак, Икрамжан Илмияновду 28-ноябрга чейин камакка алышкан.
Булак: 24.kg маалымат агенттиги
Количество просмотров: 40