• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Архитектура агенттигине 3 жылда  УКМК 28 кылмыш ишин козгогон

5 Тогуздун айы 2018 12:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.10.2018.Govori.TV.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 3 жыл аралыгында УКМК 28, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 16 кылмыш ишин козгогон. Бул тууралуу бүгүн парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын жыйынында аталган мекеменин өкүлдөрү билдирди.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таиров айткандай  2015-2018-жылдар аралыгында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгү боюнча 16 кылмыш ишин козголгон. Алардын ичинен 6 иш сотко өткөрүлүп берилген.

Ал эми УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматы тарабынан аталган агенттикке акыркы 3 жыл ичинде 28 кылмыш иши козголгон. Кылмыш иштери «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «шалаакылык» беренелеринин негизинде козголгон.

 

Количество просмотров: 16