• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Арстан Алай БШКга 48 миңге жакын кол тапшырды

3 Бештин айы 2020 17:25 Бишкек Govori.TV

Президенттик шайлоого талапкер Арстанбек Абдылдаев 47 миң 998 кол топтоду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык, талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Тапшырылган кол тамгалардын саны 60 миңден ашпашы керек.

Президенттикке талапкерлер кол коюу барактарын бүгүн, 3-декабрда саат 23:59га чейин тапшырышы зарыл. Акыркы маалыматтар боюнча Арстанбек Абдылдаевден тышкары БШКга Садыр Жапаров, Бабыржан Төлбаев жана Аймен Касенов чогултулган тизмени өткөрүп берди.

Количество просмотров: 990