• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Артур Цветков менен чырдашкан мигрант Молдокматовага болушту

15 Аяк оона 2020 19:21 Бишкек Govori.TV

«МТВ-Россия» телеканалына тиешелүү «МУЗ ТВ» каналында алып баруучу болуп жүргөн Артур Цветков менен чырдаша кеткен кыргызстандык мигрант Манап, орус шоумени Ассоль Молдокматовадан бир миллион доллар талап кылып сотко бергендиги боюнча үн катты. 

Анын айтымында, Цветковдун мындай кадамдарга барганы туура эмес.

https://www.facebook.com/100003505718478/videos/3051858874940940/?q=Манап&epa=SEARCH_BOX

Эске салсак, 12-августта орусиялык алып баруучу Артур Цветков Москванын тез татымдарынын биринде кыргызстандык мигранты менен чырдашып, Орусиядан кубалап, өлкөдөн депортация кыларын айтып коркуткан видео тараган. Чыр мекемеде ашпозчу болуп иштеген кыргызстандыктын эпидемиологиялык шартка ылайык кардардын беткап кийишин талап кылганда чыккан.
Бул видео кыргызстандык Интернет колдонуучуларды нааразы кылып, алар Артур Цветков менен телеканалдын социалдык тармактагы баракчаларынан кечирим суроону талап кылып, ар кандай пикирлерин жаза башташкан.

Кийинки күнү Цветков «Инстаграмдагы» барагына тез татымдын жетекчилиги телефон аркылуу байланышып, кечирим сураганын айтып, кыргыз мигранты ага «сиз» деп сылык кайрылбаганын, өзү окуя болгон күнү эле укук коргоо органдарын чакырып, полицияга арыз жазганын айтып, «кимге жакпаса, Мекениңер силерди күтөт» деген чакырык таштаган.

Интернет колдонуучулардын басымдуулугу аны улутчулдукка, улут аралык кастыкты козутууга байланыштуу айыпташса, постко жазылган пикирлердин арасынды Цветковдун беделине шек келтирген сөздөр дагы айтылган. Белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматова дагы Артур Цветковдун кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылып, видеокайрылуу жасаган.

“Артур Цветков, биз кыргызстандыктарды таарынтканга жол бербейбиз! Сен өзүң биринчи этика менен маданиятты үйрөнүп ал! Эгерде бул жагынан көйгөйлөрүң болсо, биз сага үйрөтүп коебуз! Сен өзүңө антипиар кылып алдың, эми сен кечирим сурамайынча бул эпопея токтобойт. Ошондуктан өз убагында чечкиндүүлүк кыл да, Кыргызстандын элинен кечирим сура!”, – деп билдирген Молдокматова.

Количество просмотров: 118