• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Арыста жарылуудан жаракат алган үч сапёрдун абалы оор

24 Аяк оона 20199:04 Бишкек Govori.TV

21-сентябрда Арыска жакын курал-жарак сакталган аскер полигонундагы жарылуудан жарадар болгон үч сапёрдун абалы оор, бирөөнүн абалы орто, алтоонуку – туруктуу. Бул тууралуу Казакстан коргоо министри Нурлан Ермекбаев билдирди.

21-сентябрда Арыс шаарынан 60 чакырым аралыкта жайгашкан аскер полигонунда ок-дарыларды жок кылуу учурунда 10 сапёр жаракат алган.

Министр Арыста курал-жарак кампаларын ок-дарылардан арылтуу иштери жүрүп жатканын, жергиликтүү тургундар үчүн коркунуч жок экенин билдирди. Ермекбаев 24-июнда жарылуу болгон Арыс шаарынын айланасы дээрлик толугу менен снаряддардын фрагменттеринен тазаланганын кошумчалады.

13-сентябрда да Арыстагы курал-жарак сакталган кампаларды тазалоо учурунда жарылуу болуп, келишим менен иштеген төрт аскер кызматкери жарадар болгон.

24-июнда шаардагы кампада чыккан өрт жарылууга алып келген. 4 киши өлгөн, жүздөгөн адам медициналык жардам сурап кайрылган. Калаа тургундары бир нече күнгө эвакуацияланган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча жарылуудан турак жайлардын 85% жабыркаган, 20дан көп үй өрттөнүп кеткен.

Количество просмотров: 66