• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Асановдун иши боюнча соттук отурумга Жеңиш Разаков 7 жансакчы 2 жактоочу менен келди

14 Бирдин айы 2020 16:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-февралда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун иши боюнча алдын ала соттук уктуруу башталды.

Маалыматка ылайык, соттук отурум судья Адылбек Эсенбаевдин төрагалыгынын алдында жабык өтөт. Соттук процесске мурунку вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 7 жансакчы жана 2 жактоочу менен келген.

Эске салсак, Курсан Асанов Ички иштер министринин орун басары кызматынан 2019-жылдын 13-августунда бошотулган. Кийинчерээк К.Асанов кызматынан бошотулушу боюнча билдирүү жасап, ИИМдин айыптоолоруна макул эмес экенин айткан.

Количество просмотров: 2591