• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ашууларда абал кандай? Министрлик маалымат таратты

13 Жетинин айы 202412:38 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатат.

Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек — Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунда, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында жол ачык. Жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Министрлик айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Количество просмотров: 105