• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Аскар Акаев Москвадагы батирин Филипп Киркоровго сатты

24 Баш оона 2021 19:17 Бишкек Govori.TV

Орус эстрада ырчысы Филипп Киркоров мурда Кыргызстандын үлкөн президенти Аскар Акаевге таандык батирди сатып алган. Бул тууралуу «Новый век» Telegram каналы билдирди.

Белгиленгендей, элиталык батирди ырчы өткөн жылы сатып алган.

Telegram каналы Росреестрдан алынган маалыматты жайгаштырган. Документке ылайык, 2020-жылдын декабрында Киркоров Акаевден «Филипповский» турак жай комплексиндеги эки кабаттуу пентхаусту сатып алган. Объектинин базар баасы дээрлик 1 миллиард рублга бааланат. Бирок Филипп Киркоров бул мүлк үчүн канча төлөгөнү белгисиз.

Пентхаустун аянты 537 чарчы метрди түзөт. Турак жай комплекси Москванын борборунда Гоголевский бульварынын жанында жайгашкан.

Эске салсак,16 жылдан ашык чет жакта жашап жүргөндөн кийин, Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев мекенине биринчи жолу үстүбүздөгү жылдын 2-августунда келген. Ал алты күнгө гана келип, андан кийин кайра Москвага учуп кеткен болчу. Ал «Кумтөр» иши боюнча бир нече жолу УКМКда сурак берип, тергөө менен кызматашып жатканын билдирген. Андан соң ал кайра Орусияга учуп кеткен.

Количество просмотров: 3000