• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Аскаровдун сөөгү жакындарына берилди

30 Теке 2020 18:57 Бишкек Govori.TV

Абакта каза болгон кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү 30-июлда Бишкектеги өлүкканадан чыгарылып, байбичесине тапшырылды. Маркумдун сөөгүн алгач Ошко жеткирип, андан ары Өзбекстандын Ташкент облусуна алып кетишерин «Азаттыкка» жакындары кабарлашты.

Азимжан Аскаровдун сөөгү өлүкканадан чыгарылып, байбичеси Хадича Аскаровага тапшырылды.

Маркумдун сөөгү өзү калтырган керээзи боюнча Өзбекстанда жерге берилери белгилүү болгон.

Аскаровдун укугун коргоп келген «Бир дүйнө — Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова 29-июлда «Өзбек элчилиги биринчи күндөн тартып Аскаровдун аялына реанимобил берүүгө, сөөктү чек арадан баштап коштоп кетүүгө даярдыгын билдирип келатканын» айткан.

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Аскаров 25-июлда Бишкектеги №47 абакта каза болгон. Сөөгү борбор калаанын өлүкканасына жеткирилген.

ЖАМК Аскаровго «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлганын кабарлаган.

Количество просмотров: 65