Аскат Алиев КМШга мүчө мамлекеттердин аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо бюросунун директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Улан Ниязбеков КМШ
мамлекеттеринин ички иштер министрлеринин кеңешинин жыйынында анын
талапкерлигин сунуштады.
Кеңештин мүчөлөрү Алиевдин талапкерлигин бир добуштан колдошту.
Аскат Алиев ички иштер органдарында эмгектенген жана 2017-жылдан бери ИИМдин
КМШга мүчө мамлекеттердин аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын
башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо бюросунун директорунун орун басары кызматын ээлеп келген.