• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Аскердик бөлүктөгү жарылуу: Жапаров Токаевге көңүл айтты

27 Баш оона 2021 13:12 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевге Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүндө болгон жарылуудан каза болгондорго байланыштуу Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан терең кайгыруу менен көнүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Бул суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин баарына тезирээк сакайып кетүүнү каалаймын. Орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик бөлүктүн аймагында катуу жарылуу болуп, өрт чыкты. Коргоо министрлиги кабарлагандай, 26-август кечки саат жетилерде кампалардын биринде жарылуу болгон. Анда 4 аскер кызматкери каза болуп, бир нече жаран жабыркаган. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр тартылып, жарылуунун себептери иликтенип жатат.

Количество просмотров: 199