• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Аскердик мүлктү сатып жиберүүгө шектелген командир кармалды

25 Үчтүн айы 202416:48 Бишкек Govori.TV

Аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде аскердик жана башка мүлктөрдүн сакталуусу боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, баасы 165 миң сомду түзгөн электр-скутер аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдары жана командири тарабынан уурдалып, сатылып кеткени аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен иш козголду.

Чогултулган далилдер менен кылмышка шектүү катары Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүнүн биринин командири, гвардиянын подполковниги Т.М. кармалып, камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдары аныкталууда.

Количество просмотров: 692