• Дүйшөмбү 25 Үчтүн айы 2021

Аспеков менен Джураев эки айга камакка алынды

10 января 2021 в 19:08 Бишкек Govori.TV

Активисттер Мелис Аспеков менен Улан Джураев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, райондук соттун чечими менен активист Мелис Аспеков жана Улан Джураев 9-мартка чейин камакта болот.

Эске салсак, активисттер Мелис Аспеков менен Улан Джураев “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынан 250 миң доллар талап кылып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар Мамлекеттик ишкананын ишин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилиги текшерип, жетекчиликке каршы митингдерди уюштурабыз деп коркутушкан.

Количество просмотров: 112