• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Астана менен Баку казак мунайынын транзитин көбөйтүүгө макулдашты

12 Жалган куран 20249:10 Бишкек Govori.TV

Казакстан Орусияны айланып өтүп, Баку-Тбилиси-Жейхан кууру аркылуу мунай ташууну жылына 1,5 миллион тоннадан 2,2 миллион тоннага чейин көбөйтүүнү макулдашты. Келечекте анын көлөмү 3 миллион тоннага чейин жогорулашы керек.

Макулдашууга 11-мартта Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Азербайжанга болгон сапары учурунда кол коюлду.

«Бул макулдашуунун алкагында тараптар Актау-Баку-Тбилиси-Жейхан маршруту боюнча мунай ташуу тарифтерин төмөндөтүү, ошондой эле Баку-Супса багыты боюнча казак мунайзаттарын ташуу маселелерин талкуулоону улантат», — деп айтылат «КазМунайГаз» компаниясынын билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 68