Асылбек Жоодонбеков: Балаңыз менен өткөргөн убакыттын сапаты маанилүү
Асылбек Жоодонбеков: Балаңыз менен өткөргөн убакыттын сапаты маанилүү
29 Жетинин айы 2018 16:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.11.2018.Govori.TV
Педагог, шыктандыруучу, ата-энелердин жана мугалимдердин педагогикалык билимин жогорулатуу боюнча адис Асылбек Жоодонбеков бүгүнкү биздин маек төрүбүздүн коногу.
“Ата-эне балага биологиялык жактан гана жоопкер болбостон, интеллектуалдык деңгээлине, дүйнө таанымына басым жасап,татыктуу тарбия берүүсү зарыл”,-дейт педагог.
Ал балдарга билим берүү багытында бир канча ири долбоорлордун үстүндө талыкпай иштеп келе жаткан адис. Учурда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун өкүлү, япон окумуштуусу Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» китебин которуп элге сунуштаган.
Мындан сырткары “365 күн жомок” аттуу китептин автору. Жаштарга инсандык жеке сапаттарын өнүктүрүүсүнө багытталган ар кандай тренинг-семинарларды өтүп келет.