Нарын облусунун Ат-Башы районунда бүгүн, 27-мартта ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал катталып, турак үйлөрдүн чатырын учурду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Тактап айтканда, Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарында кампалардын, чарбалык курулуштардын, сарайлардын жана Терек-Суу айылында 2 турак үйдүн чатырларын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Шамал басылгандан кийин жеринде Жарандык коргоонуу комиссиясы келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иш-чараларын жүргүзөт.
ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну. Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз «112» кызматына билдирүүнү эскертет! Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.