Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарынын арасында чыр чыкты.
Ага чейин фракция ичиндеги маселелер ЖКнын жыйынында көтөрүлгөн. Сөз сүйлөөгө чыккан Шайлообек Атазов БШКнын мүчөсүнө талапкер көрсөтүүдө фракция ичинде пикир келишпестик болгонун айткан, ал эми буга чейин фракция лидери Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечими кабыл алынган болчу.