• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Ата Мекендин» лидери алмашты

5 Үчтүн айы 2021 14:10 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп Айсулуу Мамашова, анын орун басарлыгына депутат, фракция мүчөсү Наталья Никитенко шайланды. Мындай чечим фракциянын 5-январдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Айсулуу Мамашева мандаты кайра алынган Өмүрбек Текебаевдин ордуна келди.

Фракциянын басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында ошондой эле депутат Клара Самат «Ата Мекен» фракциясынан чыгарылды.

Белгилей кетсек, БШК 15-октябрда Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арызын карап, аны көпчүлүк добуш менен канааттандырган. Кийинчерээк жарандык активист Темирлан Ормуковдун арызы менен Бишкектин административдик соту Текебаевдин мандатын кайра алган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев 2017-жылы мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов менен кошо «Мегаком» иши боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши 1,5 жылдан бери кайра каралып жатат.

Количество просмотров: 816