Бишкек.29.11.2018.Govori.TV
Ырчы Мирбек Атабеков жакында эле уулу Адамдын сүннөт тоюн жана кызы Ыймандын жeнтек тоюн өткөргөн.
Тойго ырчы мырзанын жакындары, сахналаш достору, кесиптештери катышып, кубанычтуу көз ирмемдер менен бөлүшкөнү белгилүү.
Маараке үч бөлүктөн туруп, үч бөлүккө үч тамада жетекчилик кылышкан. Өзгөчөлүгү тойдо убагында хит болгон ретро ырлар ырдалган.
Кызыгы тойдо конокторго устукан тартылган эмес.
Учурда бул тойду талкуулагандар көп болуп жатат. Алар сөз эмес ишке өткөн чыныгы той болду деп оң пикирлерин билдиршүүдө.
https://www.instagram.com/p/BqsDRD5B0QO/