• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Атайы кармоо операциясында Көлбаев өлтүрүлгөнү айтылууда

4 Тогуздун айы 2023 17:31 Бишкек Govori.TV

Криминалдык авторитет Камчы Көлбаев атайы кармоо операциясында өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматтар айтылууда. Бирок бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек.

Ал эми Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, анын өлтүрүлүшү тууралуу маалыматтар калп болушу ыктымал экенин, бирок так айтууга болбой турганын билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, атышуу учурунда спецназдын бир жоокери жаракат алган. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандар тууралуу маалымат бере элек.

Буга чейин бир катар ЖМКлар ишенимдүү булактарына таянуу менен борбордо Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканын жазышкан. Жерине Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да барган.

УКМК бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 530