• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Атай Бейшенбек: Кемпир-Абад жыйынына катышкан эки депутат эмне үчүн жок болуп кетти?

13 Бештин айы 2022 16:28 Бишкек Govori.TV

Протоколдор өзгөртүлүп жатат. Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшенбек бүгүн, 13-декабрда өткөн соттук отурумда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, саясий иш болуп жатат.

«52 күн өтсө дагы тергөө амалдарын жыйынтыктай алышпай дагы созушууда. Коркутуп көрөлү деп жатышат. Биз кылмышкер эмеспиз. Буга чейин кандай суроолорду берсек азыр деле уланта беребиз. Камалганга чейин бир нече эскертүүлөр болгон. «Абайла», «камайбыз» деп. Бирок анын баары суу кечпейт. Камап коюу менен адамдын эркиндигин ала албайт. Көчөдө оозуңду жаап, көз каранды болуп жүргүчө камакта отурганбыз биз үчүн сыймык. Кылмыш боюнча ички иштер министрлиги бир дагы маалыматты коомчулукка берген жок. Протоколдор өзгөртүлүп жатат. Эмне себептен депутаттар Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев жок болуп калды? 22-октябрь күнү 10:40да жыйынга барып катышкан Жогорку Кеңештин эки депутаты жок, Кемпир -Абад боюнча комитетке мүчө болбогон, ал жыйынга барбаган мен бул кылмыштуу топтун мүчөсү болуп калдым»,-деди Атай Бейшенбек.

Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башаламандык уюштурууга шектелген 30га жакын саясатчы, активисттердин бөгөт чарасы каралууда.

23-октябрда милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттердин үйлөрүн массалык түрдө тинтүүгө алып, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 («Кылмышка даярдык көрүү») жана 278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча кылмыш иши ачылганын билдирген. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен.

Количество просмотров: 3296