• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Атамбаев 7-апрелге чейин камакта калтырылды

4 Бирдин айы 2021 18:31 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелге чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-февралда кабыл алганын мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,соттук отурумда айыпталуучу Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Сергей Слесарев жана Замир Жоошев Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтиришкен. Ал эми судья өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырган.

Атамбаевге карата козголгон бир нече кылмыш иши ноябрдан бери Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бириктирилип каралууда. Алар – Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук, «Терек» сурма кениндеги коррупция боюнча кылмыш иштери. 

Количество просмотров: 105