• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Атамбаев абактан добуш берди

11 Чын куран 2021 12:51 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү кеңешке болгон шайлоого жана референдумга добуш берди.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев жарандык милдетин 10-апрелде кармалган жерде (Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 түзөтүү колониясында) мөөнөтүнөн мурда аткарган.

Кыргызстанда бүгүн, 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шайлоо менен кошо президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Количество просмотров: 102