• Шейшемби 19 Үчтүн айы 2021

Атамбаев абактан добуш берди

10 января 2021 в 15:52 Бишкек Govori.TV

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 9-январда №47 колонияда добушун берди. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев жаткан абакка көчмө урна алып барышкан.

“Атамбаев кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча башка жазасын өтүп жаткандар менен бирге шайлоого добуш берди” , – деп билдиришти аталган мекемеден.

Ал эми Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдиргендей, мыйзам боюнча соттун өкүмү чыгып, абакта жаткандар шайлоодо добуш берүү укугунан ажыратылат. Ал эми СИЗОдогулар тергөө астындагы айыпталуучулар болгондуктан добуш берсе болот.

Белгилей кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаев УКМКнын СИЗОсунан №47 абакка ден соолугуна байланыштуу которулган.

Количество просмотров: 195