• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Атамбаев абактан кайрылуу жасады

5 Баш оона 2021 17:36 Бишкек Govori.TV

5-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясынын эки жылдыгына карата кайрылуу жарыялады.

Ал Жапаровго бир катар тергөөчү жана прокурорлордон тазаланышы керектигине кеңеш берип, жакында жазган посту Кыргызстандын ичиндеги саясий куугунтукка алынгандарга багытталат деген ишенимин билдирген.

«Садыр Жапаров өтө таамай жана так жазыптыр. Өч алуу жана куугунтуктоо — туңгуюкка кеткен жол. Бирок президент кылмыш иштерин буйрутма менен чүргөй койгон тергөөчү жана прокурорлордон тазаланбаса, бул жөн гана курулай сөз болуп кала берет. Алар жетекчиликке жагыш үчүн куугунтуктап жана буйрутма гана иштерди жасаганга маш болуп бүтүшкөн. Алар Сооронбай Жээнбековду, аны менен кошо бүтүндөй өлкөнү сазга батырышты. Эгерде Садыр Жапаров алардан арылбаса, термелип турган азыркы абалдан кутула албайт, аны менен катар Кыргызстанды саздан сууруп да чыга албайт», — деген кайрылуусунда.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалган. Кой-Таш айылындагы операция Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн жүргүзүлгөн. Бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Бүгүнкү күндө Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда кармалууда.

Количество просмотров: 798