• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Атамбаев ачкачылык жарыялады

26 Тогуздун айы 2020 17:54 Бишкек Govori.TV


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ге которулуп, ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Govori.TVга жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, жактоочулар мурдагы президентти борбор калаадагы №47 түзөтүү абагына которуу боюнча өтүнүч келтиришкен. Бирок алардын өтүнүчү канаттандырылган эмес.

«Алмазбек Шаршеновичти СИЗО-1 дин жер төлөсүндөгү камерага жайгаштырышыптыр. Аталган жерге өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кармачу экен. Ошондуктан эч кандай шарт жок, канализациясы иштебеген абалда экени белгилүу болду. Мындан улам Атамбаев нааразычылыгын билдирип, ачкачылык жарыялаганын айтты», — деди Жоошев.

Белгилей кетсек, Атамбаев 10-октябрда Бишкекте массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалган. УКМК Атамбаев тергөө абагына кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча чыккан сот чечиминин негизинде киргизилгенин ошол эле учурда сотто Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши каралып жатканын билдирген.

Количество просмотров: 277