• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Атамбаев: «Башка байларга окшоп Лондон же Турцияда, Босфордун жээгинде вилла сатып алсам болмок…

19 Жетинин айы 2018 22:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.11.2018. Govori.TV
«Эми эмне мага ак ниетүүлүк менен жашаганга болбойбу?», — Атамбаев чет өлкөдөн вилла сатып албай, ата-бабасынын жеринде үй салууну чечкендигин айтты.
“Апрель” телеканалына берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев «башка байларга окшоп Лондон же Турцияда, Босфордун жээгинде вилла сатып алсам болмок, бирок Кыргызстанда, өзүмдүн ата-бабаларымдын жеринде үй салууну чечтим»,-дейт.
Кой-Таш айылындагы 6,5 га жерди курулуш үчүн ага Албек Ибраимов сунуштаган.
“Биз бул жерге келгенде үй бар болчу, бирок анын жасалгасы жок эле. Ошол убакта эле эки кабат курулуптур, үчүнчү кабаты жаңы башталган экен. Мына кирпич коробкасы турган. Мен 1 кабаттуу үйлөрдү жактырам, бирок долбоору бекитилип калыптыр. Мени жердин кооздугу багындырды. Анын үстүнө менин ата-бабаларым отургузган бактарды да көрдүм. Биз келишим түзүп, кол алыштык”,- деди Атамбаев.
Сөз арасында үй кимден сатылып алынганын сураганда, Ибраимов, жеке тараптан алганын билдиргенин да кошумчалады.
“Ал кийин менден кечирим сурады, көрсө жеке тарап аны убагында “Дастандан” сатып алган экен да. Мен, мисалы билген эмесмин. Ошондуктан бул комплексти сатып алып, курулушту аягына чыгардым. Мен жылына 2 млрд. сомго чейин киреше ала алчумун. Мен мындай үйдүн бир нечесин сала алам. Бирок, мен деле башка бай адамдарга окшоп Турциядан, Дубай, Англия, АКШ же дагы башка жерден эле вилла сатып алып, ал эми менин аталарым жашап өткөн жерге үй салбашым керек болчу тура. Бул мени таң калтырды. Анткени салык декларацияларын карасаң эле, биздин чиновниктер менен башчылар үйсүз болуп чыга келишет. Ошол эле депутаттардын байлыктары аялдарына, күйөө балдарына, ага-инилерине жазылган. Өмүркулов дагы үйсүз. Анан ошондо бизге ачык-айкын жашоого болбойбу? Экс-президент таза адам катары эч жакка качпай, өзүнүн балдарына, неберелерине кала турган үй салгандын эмнеси жаман?”,- деди Атамбаев.
Экс-президенттин айтуусунда ал элдик Апрель революциясынан кийин бардык активдерин Кыргызстанга которгон, анткени ал, байлыгын өзүнүн өлкөсүнүн өнүгүшүнө салууга даяр.
Количество просмотров: 31