• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаев кайра УКМКнын тергөө абагына которулабы?

9 Бештин айы 202015:07 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди №47 абактан УКМКнын тергөө абагына которгону жатат. Бул тууралуу жактоочусу Замир Жоошев Фейсбуктагы өздүк баракчасы аркылуу билдирди.

«Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу жакшы эмес. Ага карабай аны УКМКнын тергөө абагына которгону жатат. №47 абактан шарты начар жакка которуу туура эмес»,-деди Жоошев.

Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул боюнча расмий маалымат тарата элек.

Белгилей кетсек, мурдагы президент Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан №1 тергөө абагына которулган. Буга байланыштуу мурдагы президент ачкачылык жарыялап, Бишкектеги №47 абакка которулган.

Количество просмотров: 176