• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Атамбаев кайрадан соттук отурумдан чыгарылды

19 Чын куран 2022 11:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге козголгон эки кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланды.

Мурдагы президент Атамбаев Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектепти курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген деп айыпталууда.

Бүгүн да Атамбаев сотко алынып келинген, бирок тартип бузгандыгы үчүн ал кайрадан сот залынан чыгарылган.

Алмазбек Атамбаев аны 27-абакта жакшы кабыл алып, тосуп алышканын айтты. «Эл мени бардык жерде жакшы тосуп алат» деди ал.

Ал эми соттун имаратынын жанына тез жардам унаасы келген, ал мурунку президентке чакырылган.

Эске салсак, 14-апрелде жогорудагы кылмыш иштери боюнча соттук отурумга да Атамбаев алынып келинген. Бирок, ал ден соолугунан кыйналып жатканын айтып, аны сот залынан чыгарып салууну талап кылган. Атамбаев айнек тосмону тепкилеп кирген соң аны конвоирлер алып чыгып кетишкен.

Атамбаевди сотко мажбурлоо жолу менен алып келүү чечимин буга чейин ишти карап жаткан судья М.Термечиков чыгарган.

Өткөн жылдын 15-сентябрында 2016-жылы чет элдик жарандарга кыргыз паспортун мыйзамсыз берүүгө байланыштуу Атамбаевге карата «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге Кой-Таш, Октябрь окуялары жана мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз берүү деген айыптар тагылган.

Атамбаев өзү жана тарапташтары коюлган кинелерди саясий куугунтук деп баалап келет.

Количество просмотров: 215