• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Атамбаев кардиология борборунан текшерүүдөн өтмөй болду

25 Чын куран 2022 15:30 Бишкек Govori.TV

Абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунан текшерүүдөн өтмөй болду. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, мурдагы президентти медициналык кароодон өткөрүү өтүнүчүн сот канааттандырды.

 Атамбаев буга чейинки сот отурумдарына ден соолугуна байланыштуу катыша албастыгын айтып, каршылыгын көрсөтүп, тартип бузган.

Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандар абактан бошотулган. Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митингде жети киши жабыркап, жаңжал менен аяктаган. Милиция кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде Атамбаев, кеңешчиси Фарид Ниязов, мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев, Дамир Мусакеев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган. Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген. Кийинчерээк шаардык сот Султанбеков менен Сагымбаевди үй камагына чыгарган. Курсан Асанов менен саясатчы Жеңиш Молдокматов кармалып кийин үй камагына чыкты.

Количество просмотров: 305