• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Атамбаев Кемпир-Абад боюнча үн катты

26 Тогуздун айы 2022 16:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад маселеси боюнча пикирин билдирди. Анын билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Төмөндө билдирүүнү толук беребиз:

«Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда чек аранын 15% такталып бүтө элек. Президент Жапаровдун бул жерлердин делимитациясын тезирээк бүтүргөнгө умтулганын мен толук түшүнөм.
Бирок чек ара маселеси олуттуу стратегиялык мамилени, иш-аракетте ырааттуулукту, сөздө тең салмактуулукту жана кылдат даярдыкты талап кылат. Шашкан — шайтандын иши деп элибиз бекер айтпайт. Бул талаптарга кайдыгер мамиле кылуу эмне менен бүтөөрүн бизге Баткен окуялары ачык көрсөттү. Экинчи эреже: чек ара маселесине элдин басымдуу бөлүгү бийликке ишенгенде гана чекит коюуга болот. Учурдагы кырдаал болсо бир аз башка.

Убагында Өзбекстан менен 1378 чакырымдын 1170 чакырымын же талаштуу тилкелердин 85%ын макулдашканбыз, бирок мунун баары ачык-айкын, эксперттер жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү. Азыр болсо келишимге кол коюудан керек болсо ЖКнын тийиштүү комитетинин төрагасы да баш тартты. Бул бир нерсе туура эмес экенин билдирет, демек, биринчи кезекте элдин ишенимин кайтарыш керек.

Кайчы пикир үчүн куугунтукту токтотуу керек. Укук коргоочуларды, журналисттерди, өзгөчө алардын арасындагы аялдарды камакка алуу — бул абдан уят иш. Мындай кадамдарга эч кандай аргумент калбаганда, бет тырмалык кылып, чындыктан корккондо гана барат. Камалгандарды тез арада бошотуп, алардан кечирим сурап, оппозиция, журналист, активисттерге, жергиликтүү калкка берген кеңештери, накыл кептери үчүн ыракмат айтыш керек.

Бүгүнкү күндө элдин ынтымагы үчүн Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу эң туура болмок. Эл шашпай дагы бир жолу баарын салмактап, тийиштүү документтерди карап, эксперттерди угуп, өз баасын берсин. Президент Мирзиеев да муну туура түшүнөт. Ал акылман адам жана биздин элибиздин чыныгы досу.

Анткени, кеп өлкөдөгү тынчтык жана стабилдүүлүк, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгы жөнүндө болуп жатат! Эң оор, эң курч маселелер жөнүндө — ата-бабаларыбыздан мурас катары калган жер, суу жөнүндө болуп жатат. Бул үчүн алар кан төгүп, жанын беришкен. Биз да балдарыбызга, урпактарыбызга уят болбой, келечекти ойлошубуз керек».

Количество просмотров: 4519