Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген алдын ала жыйынтыкты жарыялады. Анда парламентке мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин иниси, эл оозунда «Раим миллион» деген ылакап ат менен белгилүү болгон Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы парламентке депутат болуп келет.
Ош шаары, Ош облусу
№9 Кара-Суу шайлоо округу — Искендер Матраимов 2015 — КСПД партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Жалал-Абад облусу
№ 14 Жалал-Абад шайлоо округу — Шаирбек Ташиев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси.
Чүй облусу
№25 Аламүдүн шайлоо округу — Сеидбек Атамбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу.
№35 Ак-Суу шайлоо округу — Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы экенин Factcheck.kg сайты аныктап чыккан.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрда маалым болот.