• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Атамбаев менен Бакиевдин үйлөрү балдар борборлору болот

17 Баш оона 2022 14:51 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдар үчүн реабилитациялык борборлорду курууну көздөп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 200 миңдей мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болсо, анын 35 миңи 18 жашка чейинки балдар түзөт.

«Экс-президент Курманбек Бакиевдин Жибек-Жолу проспектисинин 519 жана 521 даректеринде жайгашкан үйлөрдүн ордуна жана Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылында жайгашкан үйү күнү-түнү иштеген балдардын реабилитациялык борборуна айланат. Аталаган реабилитациялык борборлордо бейтаптар физикалык жана психологиялык ден соолугун калыбына келтирет»,-деп айтылат маалыматта.

Экс-президенттердин үйлөрү буга чейин мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 582