• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Атамбаев парламенттик шайлоого катышабы?

27 Аяк оона 2021 16:56 Бишкек Govori.TV

Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күздө өтө турган парламенттик шайлоого катышууну ойлонуп жатат. Бул тууралуу мурдагы президент бүгүн, 27-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумдан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Мага мандаттын кереги жок. Бирок «тизменин башына туруп бериңиз» деп сурангандар бар. Бул тууралуу ойлонуп жатам», — деди Атамбаев.

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштери каралды. Сот отурумуна судья Азирет Медеров төрагалык кылды. Сот процессине Атамбаев, Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков алынып келинди. Бирок отурумга айрым жактоочулар келбегендиктен жараян 29-сентябрга жылдырылды.

Количество просмотров: 162