• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен элдештирип коюну Тюлеевден суранган

15 Бештин айы 2018 10:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.12.2018.Govori.TV.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Тюлеевден азыркы Президент Сооронбай Жээнбеков менен элдештирип коюну суранган.

Бул тууралуу Тюлеев «GovoriTVга» берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул сөздөр эки саясатчы бир учакка түшүп калганда сүйлөшүлгөн.

«Мен Москвада бир ай жүрөрүмдү айтсам, «бир жумада келип кетчи Бишкекке, билетиңди сатып берейин, бизди элдештирип кой» деп суранды Атамбаев. «Келсем эле мени кабыл ала коймок беле Жээнбеков?» деп сурасам, «Мен жолун билем. Келип менин үйүмдөн чай ичип кетесиң, атайын кызматтар дароо жеткирет, анан сени сөзсүз кабыл алат» деди Атамбаев. Мага экөөңөрдүн чабышып турганыңар жакшы да деп тамашаладым» деп билдирди Тюлеев.

Количество просмотров: 54