Бүгүн, 14-апрелде Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана 2016-жылы чет элдик жарандарга кыргыз паспортун мыйзамсыз берүү иштери боюнча соттук отурум өтүп жатат.
Сотко алынып келинген мурдагы президент Атамбаев ден соолугунан кыйналып жатканын айтып, аны сот залынан чыгарып салууну талап кылды. Ал айнек тосмону тепкилеп, залда отурган анын тарапташтары колдоого алгандан кийин мурдагы президентти конвоирлер алып чыгып кетишти.
Атамбаевди сотко мажбурлоо жолу менен алып келүү чечимин буга чейин ишти карап жаткан судья М.Термечиков чыгарган.
Өткөн жылдын 15-сентябрында 2016-жылы чет элдик жарандарга кыргыз паспортун мыйзамсыз берүүгө байланыштуу Атамбаевге карата «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге Кой-Таш, Октябрь окуялары жана мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз берүү деген айыптар тагылган.
Атамбаев өзү жана тарапташтары коюлган кинелерди саясий куугунтук деп баалап келет.