• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Атамбаев тилдеген Аюу-Сайлыктар дагы деле көчпөй жатат

29 Бештин айы 201713:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.12.2017.Govori.TV

Жер көчкү түшүп, 24 адамдын өмүрүн алган Өзгөндүн Аюу-Сай айылынан 40 үй-бүлө көчпөй жатат. Бул тууралуу Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Динмухаммед Бокошев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, район жетекчилиги кооптуу аймактардан мажбурлап көчүрүү боюнча сотко кайрылат.

— Эл арасында «кооптуу аймактан такыр көчпөйбүз» дегендер бар. Биз аларды мажбурлап көчүрүү боюнча сотко документтерди даярдап жатабыз, — деди Бокошев. Ал Өзгөн районунда кооптуу аймактарда жашаган 700дөн ашык үй-бүлө бар экенин кошумчалады.

2017-жылдын 29-апрелинде Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында жети үйдү жер көчкү басып калган. Көчкүнүн алдында калган алты үйдөн 24 киши каза болгон. Алардын тогузу жаш балдар болчу.

Количество просмотров: 17