• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан СИЗО-1ге которулат

2 Аяк оона 2020 14:05 Бишкек Govori.TV

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан СИЗО-1 мекемесине которушат. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Жоошев мурунку президентти УКМКнын абагында кармоо керек болчу деп эсептейт.

«Мыйзамга ылайык, Алмазбек Атамбаев экс-президент катары УКМКнын тергөө абагында кармалуусу зарыл эле. СИЗО-1ге которууга такыр болбойт болчу», — дейт ал.

Жактоочунун айтымында, Атамбаевди бүгүн СИЗО-1 мекемесине которот, андан соң № 47 колониянын алдындагы ооруканага которулуусу мүмкүн.

Быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган.

Атамбаев 2019-жылы 7-8-августундагы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча да айыпталып кармалган, учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Бул иш боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

Количество просмотров: 57