Атамбаев УКМКнын тергөө абагында калтырылды. Мындай чечим Кой-Таш окуясы каралып жаткан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кабыл алынган. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Белгилүү болгондой, бүгүнкү сот отурумуна мамлекеттик айыптоочу тарап сотко өтүнүч келтирип, мурдагы өлкө башчысы Атамбаевди азыр кармалып жаткан тергөө абагында 13-сентябрга чейин калтыруу өтүнүчү келтирилген. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган.
Эске салсак, быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган.
Атамбаев 2019-жылы 7-8-августундагы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча да айыпталып кармалган.