• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Атамбаев Жээнбековду кемсинтти

19 Жетинин айы 2018 23:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.11.2018.Govori.TV.
Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына интервью берип жатып, президент Сооронбай Жээнбековду кемсинтти.
«Шайлоодон алдын Жээнбековдун рейтинги 3 пайыз болгон. 2010-жылы Мелис Мырзакматовдун жанында көлөкө гана болуп турат болчу. Ал учурда мага кыргыз жана өзбек коомчулугу Жээнбеков тууралуу эч нерсе айткан эмес. Ал коомчулукта такыр болбогондой жүргөн. Келдибеков, Ташиев, Мырзакматов тууралуу  пикирлерди айтышкан»,-деди Атамбаев.
Анын айтымында, ал Жээнбековду 24 жыл жанында жөн эле ээрчитип жүрүптүр.
«Биз Жээнбеков менен 24 жыл достошконбуз. Мен анын депутат болгон кезин көрдүм. Вице-спикер, 2007-жылы премьер-министр болду. Анын суранычы менен агасы Жогорку Кеңешке 3 жолу депутат, 2 жолу спикер, ал эми өзү президент болду. Чоң байкесин 2 жолу элчи кылып дайындадым»,-деп кошумчалады Атамбаев
Количество просмотров: 40