Журналисттерди суракка чакырган туура эмес деп эсептейм. Мындай пикирин бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев билдирди.
«ЖМКлардын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу жарандардан көп кайрылуулар келип жатат. Депутаттар бул боюнча үн катпай жатышканын айтышты. «Жалтак болуп калыптыр» дейт. Макам бериш керек же иммунитет»,-деди ал.
Эске салсак, Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук прокуратурасы Kaktus.media сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал тууралуу маалыматка байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле аталган сайттынредакторлору суракка чакырылган.