Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин штаты кыскартылган. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Азаттыкка билдирген.
«Жолдубаева жансакчылар «бир топ эле кыскартылганын» айтып, андан башка маалымат берген эмес.
Экс-президенттердин коопсуздугун камсыз кылуу, аларды кайтаруу милдети жүктөлгөн. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул боюнча азырынча пикир берген эмес.